Blog Image

КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтуна “Пирогов” интерактивдүү анатомиялык столу алынды

И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтуна "Пирогов" интерактивдүү анатомиялык столу алынды. “Пирогов” интерактивдүү анатомиялык столу окутуу процессинде колдонулуп, биология адистигин даярдоодо анатомия, физиология сабактарын өткөнгө колдонулуучу уникалдуу жабдык. Ал заманбап интерактивдүү стол болуп саналат.

Интерактивдүү стол дене мүчөлөрүнүн 3D моделдерин 1:1 масштабында көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Окутуу үчүн иштөөнүн 4 негизги режими бар. Алар: көрүү, салыштыруу, диагностик, билимди текшерүү. Биринчи режим адам денесинин объектилеринин түзүлүшүн текшерүүнү камтыйт. 4000ден ашык моделдерден турган базасы, 12 деталдары, кеңештери жана сүрөттөмөлөрү бар. Салыштыруу режими жупташкан органдарды, ченемдерди жана патологияларды салыштырууга мүмкүндүк берет. Системага 100дөн ашык типтүү патологиялар кирет.

Билимди текшерүү режиминин аркасында окутуучулар өздөрүнүн лекцияларынын негизинде тесттерди өз алдынча иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк алышат. Каалаган суроо 3D объектисине байланыштуу болот. Дагы бир 3D модели жооп бериши мүмкүн. Жабдуу студенттерге табигый илимдердин көпчүлүгүн окутуу үчүн идеалдуу.