Blog Image

КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы химия жана биология багытындагы бүтүрүүчүлөрүнүн 50 жылдык жолугушуу кечесин уюштурду

1-июнь күнү Табигый илимдер жана туризм институтунун Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы тарабынан уюштурулган институттун химия жана биология багытындагы бүтүрүүчүлөрүнүн 50 жылдык жолугушуу кечеси өттү. Кечеге И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева жана институттун директору, профессор Мирлан Дылдаев катышты.

Кечеде ректор Айгүл Абдраева институттун бүтүрүүчүлөрүнө куттуктоо сөзү менен бирге, университетте анын ичинде институтта болгон жаңыланууларды ортого салды. Институттагы студенттер үчүн алынган заманбап жабдыктар, мисалы интерактивдик анатомиялык “Пирогов” аппараты, ошондой эле заманбап лабораториялар тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.

Жолугушуу кечесине 30 дан ашык бүтүрүүчү келип, өздөрүнүн билим берүү жолундагы жетишкендиктери менен бөлүштү. Ошондой эле, аларды окуткан Седепкан Молдогазиева, Мина Маданбекова, Турсун Токтобекова, Надира Кожобекова, Сабира Бараталиева окутуучуларына өздөрүнүн куттуктоолорун арнап жана белектерин тапшырышты. Андан тышкары университеттин музейине жана лабораторияларына экскурсия уюштурулду.

Университеттин ышкыбоз студенттери В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун 1974-жылы химия жана биология багытындагы бүтүрүүчүлөрдүн урматына арналган атайын концерттик программасын тартуулашты.