КМУнун Табигый илимий билим берүү багытынын студенттери, магистранттары үчүн STEM методдорун колдонуу менен конок-лекция өттү
И.Арабаев атындагы КМУнун “Туризм жана экология” кафедрасынын кафедра башчысынын м.а.аткаруучу Г.Р.Токталиева Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ТИББ кафедрасынын студенттери үчүн “Өсүмдүктөрдүн морфологиясы” дисциплинасынан STEM методдорун пайдалануу менен конок-лекция өттү.
Ошондой эле, практикага чыккан 2-3-курстарынын студенттери да катышты. Конок-лекция өсүмдүктөрдүн морфологиясынын негиздерине жана дисциплиналар аралык STEM (Илим, Технология, Инженерия, Математика) өсүмдүк организминин түзүлүшүн жана иштешин изилдөөдө колдонууга багытталды. Г.Р.Токталиева STEM ыкмалары менен өсүмдүк жалбырагынын түзүлүшү менен функциясынын ортосундагы өз ара байланышты жакшыраак түшүнүүгө кандайча жардам берерин көрсөттү.
Конок-лекция үчүн керектүү каражаттар кафедра тарабынан камсыздалып берилди.
Студенттер, магистранттар арасында кызуу талкуулоолор болду. Өсүмдүктөрдүн айлана-чөйрөгө ыңгайлашуусунда морфологиянын ролуна кеңири мисалдарды келтирүү менен токтолушту.
Бул конок-лекция студенттерге өсүмдүктөрдүн морфологиясы боюнча билимдерин тереңдетип гана тим болбостон, заманбап технологиялар тирүү организмдерди изилдөө ыкмасын кантип өзгөртө аларын жана учурдагы көйгөйлөрдү чече аларын түшүнүүгө мүмкүндүк берди.