Blog Image

КМУнун Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунда “Маанаевдик окуу - 2024” билим сынагы өттү

13-май күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунда “Маанаевдик окуу-2024” билим сынагы өттү.

Быйылкы окууда профессор Эгемберди Жумагулович Маанаевдин мамлекеттик идеология менен байланыштуу “Кыргызстандагы идеологиялык кырдаал жана анын келечеги” монографиясын окуу бир айлыгынын жыйынтыгы боюнча студенттер арасында конкурстук негиздеги билим сынагын өткөрүү жана жыйынтыктоо милдети коюлган.

Билим сынагына институттун социалдык-экономикалык билим берүү багытындагы студенттер жана профессордук-окутуучулук курамы, анын ичинде доцент Өмүрова Ж.К., доцент Асекова С.У., Баястанов Н.Б. катышты.

Билим сынагын ТСУББИнин директору, тарых илимдеринин доктору, профессор, КР УИА мүчө-корреспонденти Койчуманова Ч.У. ачып катышуучуларга жана уюштуруучуларга профессор Э.Ж.Маанаевдин ишмердигин эскерүү менен иш-чаранын ишине ийгиликтерди каалап кетти.

Аталган Билим сынагынын тапшырмалары “Кыргызстан тарыхы жана этнология” кафедрасынын ага окутуучусу Амантур уулу Чынгыз тарабынан иштелип чыккан.

“Маанаевдик окуу - 2024” билим сынагынын негизги уюштуруучулары “Кыргызстан тарыхы жана этнология” кафедрасы, жетекчиси профессор Жоошбекова А.Р. жана профессор Э.Ж.Маанаевдин окуучуларынан турган мектеби.

Билим сынагында профессор Н.У.Курбанова, доцент Жыргалбекова Г.К. доцент Ч.Ж.Карасартова, доцент Г.Д.Курумбаевалар калыстар тобун мүчөлөрү катары иш алып барышты.

Билим сынагынын жыйынтыгында 3 команда жеңүүчү деп табылды.

Биринчи орунду СЭО (б)11-21 группасынын “Ынтымак” тобу жеңип алды. Билим сынагынын байге фонду профессор Э.Ж.Маанаевдин үй-бүлөсү тарабынан коюлуп, 15-май күнү музей-кабинет ачылды.