Blog Image

КМУнун Теология факультетинин өкүлдөрү Россия Федерациясынын мусулмандарынын VIII Курултайына катышты

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Теология факультетинин деканы, PhD доктору Нурбек Шамралиев жана ага окутуучу Белек Жапаракунов Россия Федерациясынын мусулмандарынын VIII Курултайына катышып, кайрадан шайланган шейх Равиль Гайнутдинди куттукташты.

Курултайдан кийин XX Эл аралык мусулмандарынын форумуна катышып, эл аралык деңгээлдеги дин кызматкерлеринин ортосундагы байланыштарды бекемдөө багытында талкуулар жүргүзүлдү.

Иш сапардын алкагында Теология факультетинин өкүлдөрү Россия Федерациясынын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Башкы муфтийинин биринчи орун басары жана Москва Ислам институтунун ректору, профессор Дамир Мухетдинов менен жолугушту. Жолугушууда окуу жайлардын ортосундагы тажрыйба алмашуу, кызматташтыкты кеңейтүү жана билим берүү багытында иш алып барууну жаңы деңгээлге чыгаруу маселелери талкууланды.