КМУнун ТИжТИ жана ФМФ студенттеринин ортосунда "Азыркы мезгилдеги жакшылык жана жамандык проблемасы" аталышында студенттик тегерек стол өттү
И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институту (ТИжТИ) жана физика-математика факультетинин (ФМФ) студенттеринин ортосунда "Азыркы мезгилдеги жакшылык жана жамандык проблемасы" аталышында студенттик тегерек стол өттү.
Аталган тема боюнча студенттер өздөрүнүн ой-пикирлерин билдирип, ошол эле учурда логикалык ой жүгүртүүлөрүн өнүктүрүп, тартынбай эл алдында сүйлөөгө, жөндөмдөрүн арттырууга мүмкүнчүлүк болорун өздөштүрүштү. Студенттер бири-бири менен суроо-жооп алмашып, керектүү маалымат алышты.
Жыйынтыгында азыркы мезгилдеги жакшылык жана жамандык проблемасы тууралуу чоң форматтагы студенттик семинар уюштурулушун сунушташты. Бул проблема бүгүнкү күндө актуалдуу маселе экендигин баса белгилешти.
Аталган иш-чара Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун философия жана гуманитардык дисциплиналар кафедрасы тарабынан уюштурулду.