Blog Image

КМУнун Японтаануу институтунун студенттери музейде болушту

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунун студенттери жана окутуучулары Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде өтүп жаткан “TOKYO before after” аталышындагы көчмө көргөзмөгө барып келишти.

Бул көргөзмө Кыргызстандагы Япониянын элчилиги жана Япон фонду аркылуу, жылдa өтүүчү “Japan Month!” салттуу иш-чарасынын алкагында уюштурулду. Фотокөргөзмө Япониядагы Токио шаарынын өткөн жана азыркы кездеги тарыхы менен тааныштырат. Жалпысынан фотокөргөзмөдө 80ден ашык сүрөт коюлуп, көрүүчүлөрдун назарына Токио шаарынын ар түрдүү ракурстагы жана фондогу сүрөттөру тартууланып келет.