КМУнун Японияга барган студенттери тажрыйбалары менен бөлүштү
15-апрель күнү Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институтунун Японияга барган студенттери 1-курстун студенттерине өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү. Студенттер Япониянын Вакаяма префектурасындагы "Торе Торе Тай" мейманканасында үч ай стажировка өтүшкөн. Студенттер мейманкананын ресторанында жана суши-барында эмгектенишкен. Ошондой эле, япон тилинде баарлашууга, япондордун маданияты, табияты жана каада-салты менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышкан. Бул тилди өркүндөтүү үчүн абдан чоң стимул жана практика болуп саналат.