Blog Image

КМУнун Японтаануу институтунун директору А.Самаров Токиодо Nippon Travel компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров Токио шаарында Nippon Travel япон туристтик компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга япон тараптан бизнес боюнча биргелешип түзүүгө көмөктөшүү башкы офисинин глобалдык таланттарды пайдаланууну илгерилетүү боюнча команда башчысы Баба Наоки, Япониядагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу Ёцухаши Мичинори,

Osawa Miho онлайн япон тили курстарынын координатору Нурумбаева Разия катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бир катар биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча макулдашууларга жетишишти. Алар,

- студенттер үчүн япон тили боюнча акысыз курстарды ачуу;

- компаниянын адистери тарабынан япон туризмине таандык өзгөчөлүктөр боюнча онлайн лекцияларды уюштуруп өткөрүү;

- япон тилин өнүктүрүүгө грант берүү (2 млн.йена);

- япон тили боюнча окуу китептерин сатып алуу;

- студенттерге Японияда практикадан өтүү жана жумушка жайгашуу боюнча ар тараптуу колдоо көрсөтүү;

- университеттин базасында “Nippon Travel Agency” окуу классын ачуу.

Nippon Travel компаниясы менен кызматташтык жана Япониядагы Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу Ёцухаши Мичиноринин колдоосу биздин студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, тил үйрөнүүнүн сапатын жогорулатууга жана эл аралык билим берүү жана карьералык перспективаларды кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Позвонить