Blog Image

КМУнун «Юриспруденция» багытынын студенттери КР ЖК депутаттары менен жолугушууга барды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана соцалдык-укуктук билим берүү институтунун “Юриспруденция” багытынын студенттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде депутаттар Марлен Маматалиев, Алишер Эрбаев жана Балбак Түлөбаев менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда студенттер парламенттин иши менен таанышып, мамлекеттик саясат жана мыйзам чыгаруудагы актуалдуу маселелер боюнча депутаттар менен пикир алышты.

Депутат Марлен Маматалиев “Юриспруденция” багытынын студенттери менен жолугушуунун маанилүүлүгү жөнүндө айтып, студенттерге суроолорду берип, мыкты жооп бергендерине китеп жана белектерди тапшырды.

Студенттер кызыккан суроолорун берип, жандуу пикир алмашуу болду. Ошондой эле, учурдагы мыйзам долбоорлору жөнүндө малымат алышты. Депутаттарга студенттерибизге мындай мүмкүнчүлүк түзүп бергендери үчүн университеттин атынан терең ыраазычылык билдиребиз.

Мындай иш-чаралар студенттердин укуктук сабаттуулугун жана жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле мыйзам чыгаруу бийлиги менен болочок адистердин ортосундагы байланышты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.