КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун бүтүрүүчүлөрүнүн 20 жылдык жолугушу кечеси өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун 2005-2025-жылдар аралыгында информатика адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн 20 жылдык жолугушу кечеси өттү.
Бул иш-чаранын максаты: информатика адистигин бүтүргөн студенттердин кандай жетишкендиктерге жеткендигин, адистик боюнча алган билимдеринин жашоодо кандайча колдонулуп жаткандыгын жана университеттен алган тажрыйбасын бөлүшүү.
Бул жолугушуу студенттердин биримдигин күчөтүп, окутуучулар жана бүтүрүүчүлөр үчүн жемиштүү пикир алышууларга жол ачып, келечекте билим берүү процессинин өнүгүшүнө салым кошууга шарт түзөт.