Blog Image

КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студенттери жана окутуучулары Ленинград блокадасынын курмандыктарын эскерди

И.Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун 1-курсунун студенттери Улуттук тарых музейине экскурсияга барышты. "Тарых барактары" аталышында иш-чаранын максаты – 1943-жылдын 18-январында Советтер Союзунун Ленинград шаары курчоодон бошотулгандыгы күнүнө арналган. Ленинград блокадасынын курмандыктары менен каармандары жыл сайын эскерилип турат. Экскурсияга студенттер менен бирге институттун тарбия иштери боюнча координатору Т.К.Ниязбеков, 1-курстун куратору А.А. Бузурманкулова барышты.