Blog Image

КМУнун Жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмүнүн башчысы Азамат Айдаров КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмүнүн башчысы Азамат Айдаров Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды.
Университеттин профессордук-окутуучулар курамы Азамат Жекшенбаевичти чын жүрөктөн куттуктап, бекем ден соолук жана албан-албан ийгиликтерди каалайт!