КМУнун жатаканасында китеп окуу сынагы өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жатаканасында 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата “Китеп бизди тарбиялайт жана өнүктүрөт” аталышында китеп окуу сынагы өттү.
Иш-чаранын негизги максаты – студенттер арасында китеп окуу маданиятын жайылтуу, китепке болгон кызыгууну арттыруу жана жаштардын руханий дүйнөсүн байытуу. Сынактын жүрүшүндө катышуучулар жазуучулардын чыгармаларынан үзүндүлөрдү окуп, мазмунун талкуулашты.
Ошондой эле, китептердин тематикасы жана каармандар тууралуу ой бөлүшүп, адабияттын маанилүүлүгүн баса белгилешти.