Blog Image

КМУнун жатаканасында КР эл артисти, профессор А.Бөдөшов менен жолугушуу өттү

Бүгүн, 5-февраль күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жатаканасында жаштардын эстетикалык табитин өстүрүү, чыгармачылыгын жана интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу максатында КР эл артисти, профессор Атайбек Бөдөшов менен жолугушуу кечеси өттү. Иш-чарага Искусство жана дизайн факультетинин деканынын орун басары Айгүл Жолдошева, студенттик жатакананын жаштар иштери боюнча координатору Танзиля Абдыкалыкова жана маданий-эстетикалык борбордун директору Нуриса Абазова катышты.

Жолугушууда Атайбек Бөдөшов студенттер менен чыгармачыл жолу, ийгилик жаратуудагы талыкпаган эмгеги тууралуу баарлашып, жаштарга мотивациялык кеп-кеңештерин айтып берди. Иш-чаранын соңунда Искусство жана дизайн факультетинин студенттери Атайбек Бөдөшовдун ырларын аткарышты.