Blog Image

КМУнун жатаканасында поэзия кечеси өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жатаканасында поэзия кечеси өттү.

Иш-чара жаштар иштери боюнча координатор Т. Абдыкалыкова жана студенттик кеңештин демилгеси менен уюштурулуп, ага жатаканада жашаган студенттер катышты.

Поэзия кеченин жүрүшүндө Ата Мекенге, ата-энеге арналган автордук ырлар көркөм окулуп, концерттик программа тартууланды.

Иш-чаранын максаты: жаштардын чыгармачылык потенциалын колдоо, адабият аркылуу алардын руханий дүйнөсүн байытуу жана коомдук активдүүлүгүн арттыруу.

Позвонить