Blog Image

КМУнун жатаканасында сабактан тышкаркы сааттарда студенттерди мекенчилдикке тарбиялоо боюнча 2 айлык ыктыярдуу иштери өтөт

26-январь - 20-март күндөрү аралыгында И.Арабаев атындагы КМУнун жатаканасында студенттерди мекенчилдикке тарбиялоо боюнча ыктыярдуу иштерди сабактан тышкаркы сааттарда өтөт. Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Орус филологиясы факультетинин орус тилинин практикалык курсунун кафедрасынын окутуучулары бул мезгилде жатаканада жашаган I, II курстарынын студенттерине орус тилинен сабак өтүшөт.
Иш-чаранын максаты: студенттерге уялуу жана тил тоскоолдуктарын жеңүүгө жардам берүү, ошондой эле орус тилин үйрөнүүгө болгон мотивациясын жогорулатуу. Мугалимдер эки ай бою орус тилинде сабактарды өтүп, анын жүрүшүндө студенттер мамлекетибиздин маданиятынын өзгөчөлүктөрү менен бөлүшүшөт, ошондой эле өлкөнүн маданияты жана каада-салты тууралуу көптөгөн кызыктуу маалыматтарды алышат.
30-январь күнү Орус тилинин практикалык курсу кафедрасынын ага окутуучусу Гүлнара Сыдыгалиева «Кыргызстан тарыхынан. Мейкиндик мамилелерин туюндуруу» темасында сабак өттү.