Blog Image

КМУнун жатаканасында “Сергек жашоо – жаркын келечек” аталышында спорттук мелдеш өттү

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесинин алкагында жана 17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнүнө карата “Сергек жашоо – жаркын келечек” аталышында спорттук мелдеш өттү. Иш-чаранын ачылышында КМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Назар Догдурбек сөз сүйлөп, мелдеш – студенттердин ден соолугун жана өз ара достук мамилелерин бекемдей тургандыгын белгиледи.

Мелдештин алкагында волейбол боюнча кыздар арасында 6 команда, балдар арасында 3 команда, ошондой эле эстафеталык оюндарга 4 команда күч сынашса, тогуз коргоол жана шахмат оюндарына 14 студент активдүү катышты.

Жеңүүчүлөргө дипломдор, кызыктыруучу белектер жана Кесиптик бирликтин акчалай сыйлыктары тапшырылды.