КМУнун жатаканасында спорттук мелдеш өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгына жана 9-Май – Улуу Жеңиш күнүнө карата Гуманитардык-педагогикалык колледжинин жана жатаканада жашаган студенттер арасында спорттук мелдеш өттү.
Мелдештин алкагында студенттер волейбол, стол тенниси, шахмат жана тогуз коргоол боюнча кызыктуу таймаш көрсөтүштү.
Иш-чаранын негизги максаты: студенттер арасында сергек жашоо образын жайылтуу, достукту жана ынтымакты бекемдөө.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга Ардак грамоталар жана белектер тапшырылды.