Blog Image

КМУнун жатаканасында “Устат менен баарлашуу” аталышында адабий кече өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жатаканасында Кыргыз Республикасынын эл артисти, Искусство жана дизайн факультетинин Музыка кафедрасынын профессору, белгилүү композитор Эсенбек Мааданбековдун чыгармачылыгына арналган “Устат менен баарлашуу” аталышында иш-чара өттү.

Иш-чарага КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин ага окутуучусу, профессор Тыныбек Рысманов, профессор Абдурашит Омүрзаков, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Эсенбек Мааданбеков өзүнүн чыгармачылык жолу, музыка жаратуудагы эргүү булагы, белгилүү чыгармалары тууралуу айтып берип, студенттердин суроолоруна жооп берди.

Ошондой эле, белгилүү композитор Эсенбек Мааданбековдун чыгармалары аткарылды.

Иш-чаранын негизги максаты: студенттердин эстетикалык табитин, чыгармачылык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана жаштар менен искусство өкүлдөрүнүн ортосунда маданий байланышты түзүү.

Иш-чара Искусство жана дизайн факультети тарабынан уюштурулду.