Blog Image

КМУнун жатаканасындагы студенттер Сауд Аравиянын Кыргызстандагы Элчилигинин «CAT WALK 2025» марафонуна жана сүрөт тартуу сынагына катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жатаканасындагы студенттер Сауд Аравиянын Кыргызстандагы Элчилиги уюштурган «CAT WALK 2025» марафонуна жана сүрөт тартуу сынагына катышты.

Иш-чаранын негизги максаты: сергек жашоо образын жайылтуу жана жоголуп бара жаткан жапайы жаныбарларды (арстан, жолборс, пума, ягуар, гепард, леопард) сактоо, анын ичинде араб леопардын жоголуп кетүү коркунучунан сактоо жана ага коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат. Иш-чара жапайы жаныбарларды сактоо маанисин түшүндүрүүгө жана экологиялык маселелерди көтөрүүгө багытталган.

«CAT WALK 2025» марафону жаштардын рухий-адептик, гумандуулук жана боорукерлик сезимдерин калыптандырууга көмөк көрсөтүү менен, алардын шык-жөндөмүн жана чыгармачылыгын өнүктүрүүгө шарт түздү.

Студенттер өздөрүнүн сүрөттөрү аркылуу жапайы жаныбарларды сактоо маселесине көңүл бурдурууга чоң салым кошту. Мындай иш-чаралар жаштардын экологияга болгон аң-сезимин жана адептик жоопкерчилигин жогорулатууга көмөктөшөт.