Blog Image

КМУнун ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзүү үчүн лицензия алуу сунушталды

"И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети" мекемесинин жетекчилигинин жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзүү үчүн лицензия алууга берилген арызы КРнын ББжИМни тарабынан билим берүү ишин жүргүзүү үчүн лицензия алууга сунушталды.

Комиссия университеттин жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча берилген арызды карап чыгып, талаптарга ылайыктуулугу текшерилди. Бул иш-чара университеттин билим берүү сапатын жогорулатуу жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү кызматтарын аккредитациялоо процессин туура жүргүзүү боюнча маанилүү кадам болуп саналат.