Blog Image

КМУнун ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзүү үчүн лицензия алууга берилген арызы каралды

“И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети” мекемесинин жетекчилигинин жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзүү үчүн лицензия алууга берилген арызын карап чыгуу үчүн КРнын ББжИМ тарабынан билим берүү ишин жүргүзүү боюнча лицензия алуу боюнча атайын комиссия иш алып барды.

Иш-чарага КМУнун окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, Илим, эл аралык мамилелер жана инновация боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Билим берүү программаларын лицензиялоо, аккредитациялоо жана сапатына мониторинг жүргүзүү департаментинин башкы адиси Кенже Кыдыкбаева, Илим департаментинин башчысы Гүлжан Назарматова катышты.

Комиссия университеттин жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча берилген арызды карап чыгып, талаптарга ылайыктуулугу текшерилди. Бул иш-чара университеттин билим берүү сапатын жогорулатуу жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү кызматтарын аккредитациялоо процессин туура жүргүзүү боюнча маанилүү кадам болуп саналат.