Blog Image

КМУнун Журналистика бөлүмүнүн студенттери Жогорку Кеңешке экскурсияга барышты

И. Арабаев атындагы КМУнун Журналистика бөлүмүнүн студенттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экскурсияга барышты. Анда студенттер өлкөдөгү бүткүл маанилүү ченемдик укуктук актылары кабыл алынган жыйындар залында болушуп, пленардык жыйынга катышты. Андан соң, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитететинин төрайымы Винера Раимбачаева менен жолугуп, баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Депутат парламенттин тарыхы жана түзүмү, ишмердүүлүгү жана мамлекеттик башкаруу системасындагы мыйзам чыгаруу органынын ролу тууралуу маалымат берип, өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү. Ошондой эле студенттер тарабынан берилген бардык суроолоруна жооп берди. Экскурсияга барган студенттер абдан кызыктуу болгонун айтып, парламенттин ишмердүүлүгү, талкууланган актуалдуу маселелер боюнча кеңири маалымат алышканын белгилешти.