КОББ бөлүмүнүн окутуучулары “Билим берүүдө жасалма акыл платформаларын колдонуу” темасы боюнча квалификациясын жогорулатуу курстарын ийгиликтуу аякташты
И.Арабаев атындагы КМУнун Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Кесиптик орто билим берүү (КОББ) бөлүмүнүн профессордук-окутуучулук курамы Online University тарабынан уюштурулган “Билим берүүдө жасалма акыл платформаларын колдонуу” темасында 72 сааттык квалификацияны жогорулатуу курсун ийгиликтуу аякташты.