Blog Image

Конституциялык соттун судьясы И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алган күнүнө жана Конституциялык соттун 30 жылдык мааракесине карата И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери үчүн атайын лекция уюштурулду.
Лекцияга Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чынара Айдарбекова жана Конституциялык соттун аппаратынын Эл аралык бөлүмүнүн улук кеңешчиси Мирлан Ибраев лекция окушуп, анда Конституциянын кабыл алынышынын тарыхы тууралуу кеңири маалымат беришти.
Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Талант Курманбек уулу, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Педагогика факультетинин деканы Мелисбек Оңолбаев, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Аталган иш-чарада профессор Кеңеш Тилекеев студенттерге укуктук негиздер боюнча маанилүү маек курду. Ошондой эле, студенттердин кызыктырган суроолоруна Чынара Айдарбекова жооп берди. Талкуу кызыктуу өттү.
Эске салсак, 2023-жылдын 5-майында көз карандысыз Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы кабыл алынгандыгына 30 жыл толот.