Blog Image

Конжу университетинин делегациясы И.Арабаев атындагы КМУда

25-июль күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Конжу университетинин делегациясы келди. Жолугушууга КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Окуу башкармалыгынын башчысы Равшан Зайниев, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы, Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева жана Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын башчысы Замира Жапарова катышууда.

Түштүк Корея тараптан келген Конжу университетинин делегациясынын курамында ректор Лим Кёнг Хо, Эл аралык кызматташтык департаментинин башчысы Джаг Чханг Ги, Конжу университетинин Педагогика институтунун атайын билим берүү факультетинин профессору Квак Сынг Чхоль, Башкаруу бөлүмүнүн башчысы Ким Ён Сок жана Эл аралык алмашуу бөлүмүнүн кызматкери Хан Ёсэб катышып жатат.

Жолугушууда “Кыргызстандагы атайын жана инклюзивдик билим берүү боюнча эксперттерди даярдоо программасы” талкууланып жатат. Бул программа аркылуу эки университеттин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана Кыргызстандын билим берүү системасында инклюзивдик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максаттары коюлган.