Blog Image

Конжу университетинин ректору Лим Кёнг Хо мырзага КМУнун “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды

25-июль күнү Конжу университетинин ректору Лим Кёнг Хо мырзага И. Арабаев атындагы КМУнун “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Окуу башкармалыгынын башчысы Равшан Зайниев, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы, Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева жана Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын башчысы Замира Жапарова, Түштүк Корея тараптан Конжу университетинин ректору Лим Кёнг Хо, Эл аралык кызматташтык департаментинин башчысы Джаг Чханг Ги, Конжу университетинин Педагогика институтунун атайын билим берүү факультетинин профессору Квак Сынг Чхоль, Башкаруу бөлүмүнүн башчысы Ким Ён Сок жана Эл аралык алмашуу бөлүмүнүн кызматкери Хан Ёсэб катышты. Бул эки университеттин ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт.