Blog Image

“Коом жана инклюзивдик билим берүү: практика жана стратегиялар”

Бүгүн, 3-мартта М. Р. Рахимова атындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунун Психологиялык, педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасы тарабынан “Коом жана инклюзивдик билим берүү: практика жана стратегиялар” темасында тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столдун максаттары:

• инклюзивдик процессти өнүктүрүүнүн негизги стратегияларын жана билим берүүгө киргизүүнүн ийгиликтүү практикасын талкуулоо;
• инклюзивдик процессти өнүктүрүүдө илимдин, практиканын жана коомчулуктун күч-аракетин бириктирүү;
• инклюзивдик билим берүү системасын өркүндөтүү боюнча талкуу жана тажрыйба алмашуу, бул багытта биргелешкен изилдөөлөрдү издөө жана билим берүү жана илимий уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо; жаңы байланыштарды түзүү жана жаштарды илимий изилдөөлөргө тартуу.
Иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин өкүлдөрү, билим берүү тармагы боюнча адистер, социалдык-тарбиялык инклюзия проблемаларын чечүүчү коомдук уюмдардын өкүлдөрү, окутуучулар жана студенттер катышты.
Тегерек столдо докладдар жасалып, талкуу жүргүзүлүп, жыйынтыгында мемора́ндум түзүүгө макулдашылды. 
Тегерек стол изилдөөчүлөргө, мугалимдерге, ата-энелерге - бири-бири менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, позицияларды салыштырууга жана туура чечим чыгарууга мүмкүндүк берет.