Blog Image

“Корей элинин каада-салттары” аттуу ачык сабак

22-февралда Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чаралардын бир айлык планынын алкагында Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Тил даярдыгы жана котормо кафедрасынын корей тил окутуучусу А.Ишенова “Корей элинин каада-салттары” аттуу ачык сабак өттү.
Сабактын максаты: окутулуп жаткан чет тилиндеги улуттун  каада-салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү тууралуу түшүнүк алуу,  бөтөн  тилдеги жаны лексикалар менен тааныштыруу, башка элдердин маданиятына кызыгуусун арттыруу. 

Студенттер арасында оюндар уюштурулуп, окуутунун интерактивдүү ыкмалары колдонулуп сабак өтүлдү. 
Ачык сабакка институтун директору А.Дюшембиева,  институттун директорунун орун басары А.Каныбекова,  кафедра башчысы Н. Эргешбаева, корей тил окутуучулары Ким Док Юн, Пак Мин Санг, ага окутуучулар Ж.Джумагулова Ж.Джамбаева  жана студенттер катышты.