Blog Image

Корей тили боюнча жогорку окуу жайлар аралык “Чечендик өнөр” аталышындагы конкурс болду

Бүгүн, 29-апрелде, И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин Чыгыш тилдери кафедрасы тарабынан уюштурулган республикалык жогорку окуу жайлар аралык корей тили боюнча “Чечендик өнөр” аталышындагы конкурс болду.
Ага Ош мамлекеттик университети, Кыргыз-Орус Славян университети, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, Корей тили жана маданияты институту жана колледждин студенттери катышышты. 
Конкурска И.Арабаев атындагы КМУнун Илим, эл аралык коммуникациялар жана инновациялар  боюнча проректору Айсулу Бейшенова, Корей борборунун директору Ким Дже Енг, Корей тилинин окутуучулары ассоциациясынын президенти  Ким Чанг Сок, Чыгыш тилдери кафедрасынын башчысы жана профессордук-окутуучулук курамы катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттердин аткаруусундагы жеке көрсөтмөлөр менен бирге лотерея да ойнотулду.
Мындан сырткары конкурска катышкан студенттерге дипломдор, акчалай сыйлыктар жана кызыктыруучу белектер тапшырылды. 
Аталган иш-чаранын максаты Кыргыз Республикасы менен Корей Республикасынын ортосундагы өз ара карым-катнашты, достукту чыңдоо, Кыргызстанда корей тилин жайылтуу, студенттердин тил үйрөнүү деңгээлин баалоо, ошондой эле корей элинин тили менен катар  маданиятын да мыкты өздөштүрүүгө шыктандыруу болуп саналат.