Blog Image

«Коррупция. Биз коррупцияга каршыбыз» куратордук сааты

2022-12-21

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин чыгыш тилдери кафедрасында “Коррупция. Биз коррупцияга каршыбыз» аттуу куратордук сааты студенттердин коррупция боюнча түшүнүгүн калыптандыруу максатында өттү.

Студенттер коррупциянын тарыхы, ар кайсы мезгилде ага каршы күрөш, ар кайсы өлкөлөрдө жүргүзүлүп келгени, коррупциянын адамдарга тийгизген таасири жана мыйзамда кандай чагылдырылганы тууралуу маалымат алышты.

Куратордук сааттын жүрүшүндө катышуучулар коррупция менен күрөшүүнүн түрдүү жолдорун сунушташты. Куратордук саат студенттердин бул темада тарткан сүрөттөрүнүн көргөзмөсү менен коштолду. Окуучулар турмуштан мисалдарды келтирип, берилген суроолорду талдап, биргелешип жоопторду табышты. Жыйындын катышуучулары коррупция боюнча өз ойлорун айтып, иш-чаранын соңунда коррупция менен күрөшүү бир гана мамлекеттин эмес, бардык жарандардын иши деген бүтүмгө келишти.