Blog Image

Коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу максатында атайын комиссия түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин иш планынын алкагында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу максатында атайын комиссия түзүлдү.

Комиссиянын төрагасы: Токтошев Г.Ы. коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча жетектөөчү адис.

Комиссиянын мүчөлөрү:

1. Кумарова Д.Т. окуу башкармалыгынын ESTC боюнча ага адис;

2. Джусупбекова Г.И. окуу башкармалыгынын окуу-инспекциялык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

3. Чекеров Э.С. И.Арабаев атындагы КМУнун ректоратынын аппаратынын координатор-жетекчиси;

4. Жаанбаева А.К. докторантура, PhD жана аспирантура бөлүмүнүн ага инспектору.

Аталган комиссия тарабынан коррупция маселеси боюнча студенттер арасында сурамжылоо жүргүзүлөт.