Blog Image

Коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу максатында студенттер арасында атайын сурамжылоо уюштурулду

8-15-февраль күндөрү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин I-IV курстарынын студенттерин университетте коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу максатында түзүлгөн комиссия “Коррупцияга жол жок” аталышында сурамжылоо өткөрөт.

Жумушчу топтун төрайымы Маалыматтык бирдиктуу борборунун жетектөөчү адиси Айжан Сагыналиева сурамжылоодо студенттерге атайын түзүлгөн суроо-жооптор анонимдүү жана жазуу түрүндө өтө тургандыгы тууралуу билдирди.

Аталган сурамжылоону атайын түзүлгөн топтун мүчөлөрү ар жыл сайын 1 ирет жүргүзүп турат.