Blog Image

Костанай социалдык-техникалык университетинин профессору М.Баймухамедовго КМУнун "Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин "Ардактуу профессору" наамы академик З. Алдамжар атындагы Костанай социалдык-техникалык университетинин ректорунун илим жана эл аралык байланыштар боюнча кеңешчиси, техника илимдеринин доктору, профессор Малик Баймухамедовго ыйгарылды.

Малик Файзулович Баймухамедов И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен 10 жылдан ашык илимий жаатында кызматташып, көптөгөн илимий изденүүчүлөргө тажрыйбасы менен бөлүшүп келет.

Позвонить