Blog Image

Коуч-тренер Н.Абдирашитова "Заманбап технологиялар билим берүүнүн сапатын башкаруу куралы катары” аталышында конок-лекция өттү

Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун жаш окутуучуларына И.Раззаков атындагы КМТУнун эл аралык сертификаттуу коуч-тренери, эл аралык «Бирге Окуп Өнүгүү» билим берүү долбоорунун жетекчиси, Г.Момунова атындагы эл аралык сыйлыгынын лауреаты Нургүл Абдирашитова “Заманбап технологиялар билим берүүнүн сапатын башкаруу куралы катары” аталышында конок-лекция өттү. Лектор ЖМТИнин жаш окутуучуларына мотивация берип, келечек муундарды окутууда жана тарбиялоодо жигердүү эмгектенүүгө үндөдү. Семинарга катышууга конок катары И.Раззаков атындагы КМТУнун Квалификациясын жогорулатуу боюнча борборунун директору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Алтынай Дүйшөналиева, Колдонмо информатика кафедрасынын башчысы, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Аида Орозобекова, И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун окутуучулары Н.Ниязова, Т.Кулумбаевдер катышты. Эки университеттин бири бирине болгон билим берүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуусу жана биргеликте иш алып баруусу келечек муундарды окутуп тарбиялоодо зор салым кошот.