Blog Image

КР Агартуу министри Д.Кендирбаева КМУнун Кабыл алуу комиссиясынын иши менен таанышты

Бүгүн, 17-июль күнү, Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева И.Арабаев атындагы КМУда Кабыл алуу комиссиясынын иши менен таанышты.

Министр Кабыл алуу кампаниясынын биринчи турунун жүрүшү менен таанышты. Ал документтерди кабыл алуу пункттарын карап чыгып, кабыл алуу комиссиясынын иштөө шарттарына кызыгып, уюштуруунун жогорку деңгээлин, процесстердин ачык-айкындуулугун жана санариптештирилишин белгиледи.

Белгилей кетсек, документтерди тапшырууда "Абитуриент Online" платформасы колдонулат, ал эми процесс толугу менен видеокөзөмөл менен коштолот.

Позвонить