Blog Image

КР эл сүрөтчүсү Базарбек Сыдыковдун 70 жылдыгына арналган “Скульптуралык чыгармаларды жаратуудагы өзгөчөлүктөр” аталышында илимий-практикалык конференция болуп өттү

3-ноябрда И.Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын профессору, КР эл сурөтчүсү Базарбек Сыдыковдун 70 жылдыгына арналган “Скульптуралык чыгармаларды жаратуудагы өзгөчөлүктөр” аталышында илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференциянын ачылышында КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Базарбек Кимбилдиевичти 70 жаш кутман курагы менен куттуктап, ага чың ден соолук жана чыгармачылыкта ийгиликтерди каалап, Ишеналы Арабаевдин юбилейлик медалын тапшырды.

Илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүлөрү Таалай Курманов жана Кадыркул Орозматовдор “Заманбап искусствосунун коомго тийгизген таасири” жана “Академиялык скульптура жана пластикалык моделдөө” темалардын үстүндө ой жүгүртсө, Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын ага окутуучулары Марат Заркунов жана Доктуркул Ибраевдер кыргыз скульптурасы тууралуу “Кыргыз монументалдык искусствосу жана айкелчи, педагог Сыдыков Б.К.” жана “И.Арабаевдин айкели жана кыргыз скульптураларынын тарбиялык мааниси” аттуу изилдөөлөрүн ортого салды.

Конференцияга “Б.К.Сыдыковдун кыргыз скульптурасын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана анын ишмердүүлүгү” аттуу доклады менен ИЗОб-11-21 группасынын студенти Кымбат Эрмекова (илимий жетекчиси Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын ага окутуучусу Нургүл Ирсалиева) скульптор Базарбек Сыдыковдун чыгармачылыгы тууралуу баяндап берди.

Конференциянын жүрүшүндө чакан концерттик программа жана ИДФ студенттеринин коллекцияларынын көргөзмөсү болду.

Скульптор Б.Сыдыковдун жараткан эстеликтери: "Айкөл Манас", "Кожомкул балбан", "Тоголок Молдо", "Ишеналы Арабаев", "Кусейин Карасаев", "Сүймөнкул Чокморов", "Зууракан Кайназарова", "Чыныбек Аалиев", ошондой эле Талас жана Ысык-Ата райондорунда Улуу Ата Мекендик согуштун каармандарына арналган композициялары, Казакстандын Туркестан шаарында - "Кабанбай баатыр", Астанада - "Кулагер тулпар", Шымкентте - "Актан баатыр" ж.б.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жалпы жамааты Базарбек Кимбилдиевичти 70 жылдык юбилейи менен куттуктап, ага зор ден соолук, кажыбас кайрат жана чыгармачылыгында ийгиликтерди каалап кетмекчи.