КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А. Касымалиев КМУнун 80 жылдык мааракеси менен куттуктады
Бүгүн, 10-октябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин атынан университеттин жамаатын, студенттерин жана бүтүрүүчүлөрүн юбилейи менен куттуктады.
Ошондой эле, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети өлкөнүн эң эски жана алдыңкы билим берүү борборлорунун бири болуп, улуттук педагогиканын жана Кыргызстандын жогорку билим берүү системасынын өнүгүшүнө маанилүү роль ойногонун баса белгилеп, «Университеттин тарыхы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жана агартуусунун көрүнүктүү ишмерлеринин ысымдары менен тыгыз байланыштуу. Ишеналы Арабаев, Төрөбай Кулатов, Муса Рыскулбеков жана Акима Оторбаева Кыргызстанда педагогикалык билим берүүнүн башатында турушкан», — деп билдирди Адылбек Касымалиев.