КР волейбол боюнча УКК оюнчусу, ДТСИнин окутуучусу А.Амангелди уулу Азия чемпионатында (CAVA) 1-орунду ээледи
Бүгүн, 31-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Афтандил Амангелди уулун тосуп алуу иш-чарасы өттү. Иш-чарага КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Дене тарбия жана спорт институтунун директору Каныбек Сарымсаков жана Профсоюз уюмунун төрагасы Назар Догдурбек катышты. КМУнун Дене тарбия жана спорт институтунун (ДТСИ) Дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Афтандил Амангелди уулу Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу катары Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) өткөн Азия чемпионатында (CAVA) 1-орунду ээлеген.