Blog Image

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы функционалдык сабаттуулук боюнча комитеттин мүчөлөрүнүн жыйыны болду

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун директору Г. Казиева 15-декабрда Парк Отелде өтүүчү функционалдык сабаттуулук боюнча комитеттин кезектеги отурумуна катышты.

Функционалдык сабаттуулук боюнча комитеттин жыйынында "Окуу керемет!" долбоордун жүрүшүндө ылайыкташтырылган жана түзүлгөн 462 аталыштагы 1500 китептин бет ачарын жана көргөзмөсүн өткөрдү. Башталгыч мектепте окуу жана түшүнүү көндүмдөрүн өркүндөтүү боюнча мындан аркы аракеттерди актуалдаштыруу, изилдөөнүн жыйынтыктарын сунуштоо жана талкуулоо болду.