КРУИА корреспондент-мүчөсү Ч.У. Койчуманова Минск шаарында өткөн жайкы илимий форумга катышууда
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж. Маанаев атындагы ТСУББ институтунун директору, КРУИА корреспондент-мүчөсү Ч.У. Койчуманова, окутуучу Г.Э. Карыбеков Беларусиянын Минск шаарында өтүп жаткан жайкы илимий форумга катышууда.
Форумдун алкагында КРУИА корреспондент-мүчөсү Ч.У. Койчуманова “Кыргыз аялдарынын Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктери” аталышында илимий баяндама жасап, кыргыз элинин тарыхындагы маанилүү маалыматтар менен бөлүштү.
Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналып, Беларусь, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Армения, Азербайжан, Тажикстан жана Кыргызстандан келген илимпоздор согуш тарыхын жана өлкөлөрдүн тарыхый ордун талкуулашты.