Blog Image

КУКПУнун студенттери КМУда билим алышууда

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунда Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинин Филология факультетинин студенттери Динара Бекболатова, Аяулым Джаңабай, Айдина Ардахан жана Нурбану Турган билим алышууда.

Университеттердин ортосундагы эл аралык кызматташтык студенттерге жаңы тажрыйбаларды алууга, билимдерин кеңейтүүгө, достук алакаларын түзүүгө жана эл аралык мамилелерди чыңдоого зор мүмкүнчүлүк түзөт. Бул академиялык мобилдүүлүк программасы эки университеттин ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана жалпы билим берүү сапатын жогорулатууга багытталган.

Мындай иш-чаралар студенттердин академиялык жана социалдык деңгээлде өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, эл аралык тажрыйба алмашууга шарт түзөт.