Blog Image

Курамдар аралык спартакиаданын ачылыш аземи

22-ноябрда Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына арналган курамдар аралык спартакиаданын ачылыш аземи болду.

Аталган спорттук мелдеште студенттер волейбол, баскетбол, футбол, теннис, шахмат жана тогуз коргоол сыяктуу жалпысынан спорттун 12 түрү боюнча күч сынашат.

Спартакиададан жеңишке жетишкен студенттер 2023 жылдын апрель айында өтө турчу республикалык универсиадада окуу жайыбыздын намысын коргошот.