Blog Image

КУУда өткөрүлгөн сынакта КМУнун студентери экинчи орунду алды

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде Кыргызстан менен Россия мамлекеттеринин маданий жана заманбап коммуникациялык технологияларын окуп үйрөнүү үчүн маанилүү аянтча боло турган “Россия” медиаборборунун салтанаттуу ачылышы болду.

Ачылыш аземинде жогорку окуу жайлардын студенттери катышкан “Ошондуктан орус тилин үйрөнөм... ” аталышындагы сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Сынакта экинчи орунду Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Эл аралык журналистика жана медиа коммуникация бөлүмүнүн студенттери ээледи.