Blog Image

“Кылым карыткан акын” аталышындагы театрлаштырылган көрсөтүү өттү

Бүгүн, И.Арабаев атындагы КМУда кыргыздын алп акыны Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө арналган “Кылым карыткан акын” аттуу театрлаштырылган көрсөтүү болду. Адабий кечени окуу жайдын мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт иштери боюнча проректору Жайнагүл Садыкбек кызы сөз сүйлөп, ачып берди. Алыкул Осмоновго арналган адабий кече ыр менен башталып, ыр менен аяктады. Анда студенттер Алыкулдун жеке турмушу да, тагдыры да ырга байланышып, бүт өмүрү ырга айланганын, адамдык касиет-сапатын өзүнүн ыры аркылуу баалап, өз бактысын да ырларынан издегенин чагылдырып беришти. Кеченин соңунда акындын кыргыз поэзиясына кошкон зор салымы, андагы ээлеген орду, кийинки муундагы акындарга тийгизген таасири, ырларынын маани-маңызы, көркөмдүк сапаты тууралуу жазуучулар союзунун төрагасы акын Нурлан Калыбеков, Алыкул Осмоновду изилдөөчү, тарыхчы Памирбек Казыбаевдер чыгып сөз сүйлөштү. Театрлаштырылган көрсөтүү Университеттин Мамлекеттик тил жана маданият институту, “Алтын казык” адабий резиденциясынын мүчөлөрү болуп эсептелген 1-курстун студенттери тарабынан уюштурулган.