Blog Image

Кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы уюштурган “Алыкул Осмоновдун көркөм дүйнөсү” аттуу адабий-музыкалуу кече өттү

30-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУда Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулган “Алыкул Осмоновдун көркөм дүйнөсү” аттуу адабий-музыкалуу кече өттү. Кечеге Бишкек шаарынын, областардын, райондордун мектеп бүтүрүүчүлөрү, орто-кесиптик билим берүүчү (колледж) окуу жайлардын, лицейлердин студенттери, бүтүрүүчүлөрү улуу акындын чыгармачылыгына кызыккан окурмандар катышты.

Кеченин максаты: Алыкул Осмоновдун керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө жашоонун сулуулугун, кымбаттыгын жеткирүү. Акындын чыгармалары орто мектептерде, орто-кесиптик жана жогорку окуу жайларда кеңири окутулса да акындын чыгармаларынын табышмактуу сырлары боюнча бир катар пикирлер айтылып келет. Алыкул Осмоновду улуу лирик, кайталангыс философ, ошол мезгилдеги жаңы кыргыз адабиятынын баштоочусу катары ырларындагы экинчи өмүрү, чыгармаларындагы руханий дүйнөсү тууралуу түшүнүктөрдү кеңейтүү үчүн абдан чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Кыргыз поэзиясынын жаңы доорун ачкан, чыгармачылыгына активдүү ойлорду, актуалдуу маселелерди кеңири камтыган акындык парзын мыкты түшүнгөн, көркөм сөздүн чебери катары акын тууралуу заманбап методика менен санарип каражаттарын колдонуп семинар-тренинг өтүп, катышуучуларга терең маалымат берилди.

Кеченин катышуучуларына сертификаттар тапшырылды.