Blog Image

“Кыргыз мамлекетүүлүгүнүн кайра жаралуусу: тарых, адамдар, фактылар (Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата)” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференциясы өз ишин баштады

17-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы №270 “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыгынын жана 2024-жылдын 25-июлундагы “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” Жарлыгынын алкагында И.Арабаев атындагы КМУ, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана К.Аденауэр фондунун Борбордук Азиядагы аймактык өкүлчүлүгү менен биргеликте “Кыргыз мамлекетүүлүгүнүн кайра жаралуусу: тарых, адамдар, фактылар (Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата)” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференциясы өтүүдө.

Конференцияга КР Мамлекеттик катчысы С.С.Касмамбетов, КР Жогорку Кеңешинин вице-спикери Н.А.Азыгалиев, депутаттар К.А.Талиева, М.А.Маматалиев, М.К.Алиев, Ж.К.Акаев, Ч.А.Айдарбеков, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор А.Т.Абдраева, Германиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары К.Зеленти, К.Аденауэр фондунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси А.Альгермиссен, КР Улуттук илимдер академиясынын президенти К.Е.Абдрахматов, т.и.д., профессор, Б.В. Хасанов (Өзбекстан), Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө салым кошкон инсандардын урпактары: Ж.Абдрахмановдун чөбөрөсү А.Абдрахманов, А.Орозбековдун небереси Ю.У.Уразбекова, жогорку окуу жайларынын ректорлору, окумуштуулар жана журналисттер катышууда.