Кыргыз мамлекеттик университети Эл аралык студенттер күнүнө карата салтанатуу иш-чара өткөрүүдө
Бүгүн, 16-ноябрь күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүүдө. Иш-чарага Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева, окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, илим, эл аралык коммуникациялар жана инновация боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышууда.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана университеттин 80 жылдык мааракесине арналып, студенттердин таланты менен жигерин көрсөтүү жана алардын билим алууга, коомдук иштерге кошкон салымын баалоо максатында уюштурулган.