Кыргыз мамлекеттик университети Эл аралык студенттер күнүнө карата салтанатуу иш-чара өткөрдү
Иш-чаранын жүрүшүндө КМУнун ректору Айгул Абдраева окуудагы жетишкендиги жана коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн алдыңкы студенттерге стипендия, ардак грамота, сертификат жана ыраазычылык каттарды тапшырды.
Иш-чара маданий программа менен коштолуп, студенттер өз таланттарын тартуулашты.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана университеттин 80 жылдык мааракесине арналып, студенттердин таланты менен жигерин көрсөтүү жана алардын билим алууга, коомдук иштерге кошкон салымын баалоо максатында уюштурулган.